Abank
SerepTV Logo

7-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

7-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 7-майда түнкүсүн Баткен облусунда жана Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаашы мүмкүн. Ал эми тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын айрым аймактарында жаан жаашы ыктымал. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +20…+25, Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +17…+22, Баткен облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +20…+25, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн  +9…+14, күндүз +20…+25, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +11…+16, Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17, Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы +5…+7°, күндүз +11…+13° болот.