Abank
SerepTV Logo

7-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

7-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 7-июнга караган түнү өлкөнүн аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Жалал-Абад облустарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +32…+37, Талас облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +33…+38, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28, Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +23…+28. Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +35…+37.