Royal
SerepTV Logo

7-февралга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

7-февралга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 7-февралга караган түнү Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Нарын, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт, кечке жуук Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз +7…+12, Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +5…+10, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -4…+1, күндүз +7…+12, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…+5, Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -2…-7. Бишкекте күндүз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз +10…+12 болушу күтүлөт.