Royal
SerepTV Logo

7-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

7-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 7-декабрда түнкүсүн Чүй облусунун айрым жерлеринде жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз +1…+6, Талас облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +3…+8, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +10…+15, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +6…+11, Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз +5…+10. Бишкек шаарында 7-декабрга караган түнү жана эртең менен жаан жаашы мүмкүн. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +4…+6 градус жылуу болот.