Abank
SerepTV Logo

7-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

7-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 7-августта түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында көпчүлүк аймактарында, ал эми Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +24…+29; Талас өрөөнүндө түнкүсүн +10…+15, күндүз +22…+27; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +26…+31; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +22…+27; Нарын облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27 градус ысыйт. Бишкекте мезгил-мезгил менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +27…+29 градус болот.