Abank
SerepTV Logo

7-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

7-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 7-апрелде түнкүсүн Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн, өрөөндөрүндө жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +13…+18, Талас облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +12…+17, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +15…+20, Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…+3, күндүз +13…+18, Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +13…+15 градус. Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8, күндүз +15…+17 градус болот.