7-10-апрель күндөрү тоолуу аймактарда кар көчкү жүрүшү мүмкүн
7-10-апрель күндөрү өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Кар көчкү түшүшү мүмкүн болгон жерлер:
- Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуусу; 198-250-чакырымдарындагы Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы;
- Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50, 74-86 чакырымдарында Чоң-Ашуу ашуусу.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.