Royal
SerepTV Logo

6-январга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

6-январга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 6-январга караган түнү Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз +7…+12, Талас облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +5…+10, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +9…+14, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +2…+7, Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -1…-6. Бишкекте күндүз бир аз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +10…+12 градус жылуу болот.