Abank
SerepTV Logo

6-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

6-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 6-июнга караган түнү Нарын облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Калган аймактарда жаан жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Абанын температурасы:  Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35, Талас облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +28…+33, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +31…+36, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27, Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25. Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +32…+34 градус болот.