Abank
SerepTV Logo

6-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

6-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 6-июлга караган түнү Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан нөшөрлөп жаашы мүмкүн. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +26…+31, Талас облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +25…+30, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +28…+33, Ысык-Көлдө түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27, Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26, Бишкек шаарында өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +28…+30 градус болот.