Abank
SerepTV Logo

6-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

6-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 6-апрелде күндүз жана түнкүсүн көпчүлүк аймактарда нөшөрлөгөн жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +11…+16; Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +11…+16; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +14…+19; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +11…+16; Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +10…+15 градус жылыйт. Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7, күндүз +13…+15° жылуу болот.