Abank
SerepTV Logo

6-7-июнда Бишкек жана Чүйдө айрым көчөлөр маал-маалы менен жабылат

6-7-июнда Бишкек жана Чүйдө айрым көчөлөр маал-маалы менен жабылат
6-7-июнь күндөрү Бишкек жана Чүйдө айрым көчөлөргө маал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат. Катар мамлекетинин эмири мамлекеттик сапары менен Кыргызстанга келүүсүнө байланыштуу 6-7-июнь күндөрү Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын төмөнкү борбордук көчөлөрүнүн унаа кыймылына мал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат. ? Манас аэропорт жолу Бишкек шаарынын чегине чейин, ? Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен Жибек-Жолуна чейин, ? Жибек-Жолу көчөсү Фучик көчөсүнөн тартып, чыгышты карай Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгү. ?Жаш-Гвардия бульвары түштүктү карай Жибек-Жолу көчөсүнөн тартып, кең Чүй көчөсүнө чейинки бөлүгү. ? кең Чүй көчөсү Жаш-Гвардия бульварынан тартып, чыгышты карай Манас көчөсүнө чейинки бөлүгү. ? Манас жана Чыңгыз Айтматов көчөлөрү түштүктү карай, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү. ? “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясынан тартып, “Ала-Арча” эс алуу паркына чейин.