Abank
SerepTV Logo

5-сентябрга карата өлкөдөгү аба ырайы

5-сентябрга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 5-сентябрда түнкүсүн өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +13…+18, күндүз +31…+36, Талас облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +29…+34, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +32…+37, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +24…+29, Нарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +25…+30, Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +16…+18, күндүз +34…+36 градус болот.