Abank
SerepTV Logo

5-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

5-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 5-сентябрда түнү Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт, Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +19…+24, Талас облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +17…+22, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +16…+21, Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +16…+21, Бишкекте түнкүсүн жаан жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү температурасы +11…+13, күндүзгү жогорку температура +22…+24 градус болот.