Abank
SerepTV Logo

5-декабрга карата өлкөдөгү аба ырайы

5-декабрга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 5-декабрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Нарын облустарында, Ысык-Көлдүн тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарында, Ысык-Көлдүн тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарына туман түшөт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -3…+2; Талас жергесинде түнкүсүн -5…-10, күндүз -3…+2; Ош, Жалал-Абад, Баткен дубандарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 0…+5; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…+5; Нарын облустарында түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…-5; Бишкекте 5-декабрда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -6…-8, күндүз -1…+1 градус болот.