"5 бир туугандын эң кенжеси болчу". Чек арадагы атышууда 24 жаштагы аскер көз жумду
Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда 24 жаштагы Жекшенбек уулу Апсамат көз жумду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине анын жакындары билдиришти.
"Апсамат 1998-жылы Ат-Башы районун Терек-Суу айылында туулган. Аскердик окууда окуп бүткөн соң, чек арачы болуп кызмат өтөп жүргөн. Анын ал жерде кызмат өтөп жүргөнүнө 3 жыл болгон. Тайкемдин кичүү баласы болчу. 5 бир туугандын эң кенжеси. Үйлөнө элек эле",- деди жакыны.