"3 айга жабылат". Циркте капиталдык оңдоо иштери башталды
Президент Садыр Жапаров өткөн аптада мамлекеттик циркке барып" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/sayasat/sadyr-japarov-mamlekettik-czirkti-kapitaldyk-rekonstrukcziyaloonu-tapshyrdy/">барып, имаратты капиталдык оңдоодон өткөрүүгө буйрук бергенин президенттин иш ашкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.
Анын айтымында, имарат 1976-жылдан бери оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. «Азыр биз реконструкциялоону баштайбыз. Балдар жагымсыз жыт сезбеши үчүн биринчи кезекте вентиляция жана жылытуу системасын оңдоо керек. Баардыгы жаңы технология боюнча жасалат», - деди ал.
Туманбаев имарат 3 айга жабылып, кызматкерлер эмгек өргүүсүнө чыгарын билдирди. Кийинки жумада жетекчи белгилегендей, толук кандуу иш башталат жана ал 5 айга чейин созулат.