"40 кызматкер жумуш ордунда жок". Ысык-Көлдөгү билим берүү институтунда 7 гана адам иштеп жаткан
Бүгүн, 22-августта Ысык-Көл облустук билим берүү институтуна президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн орун басары Айнура Султанбаева облустук билим берүү институтунун иш тартиби менен таанышуу максатында текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
"40 кызматкер жумуш ордунда жок. Саат 08:00дө иш башталганына карабай, Ысык-Көл облустук билим берүү институтунун кызматкерлери жана жетекчилери ордунда болгон эмес Текшерүү учурунда 47 кызматкердин жетөө эле жумуш ордунда болгону аныкталды", - деп айтылат маалыматта.
Маанилүү кабарларды өткөрүп жибербеңиз!
Биздин Телеграм канал: @serepkg" target="_blank">https://t.me/serepkg">@serepkg