Abank
SerepTV Logo

4-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

4-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 4-сентябрда Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +17…+22, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +8…+13, күндүз +16…+21, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +21…+26, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +18…+23, Нарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +17…+22. Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +20…+22 градус жылуу болот.