Abank
SerepTV Logo

4-ноябрга карата өлкөдөгү аба ырайы

4-ноябрга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 4-ноябрда түнкүсүн Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан жаайт. Чүй, Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда, тоо этектеринде кар жаайт. Ал эми Чүй, Ысык-Көл, Талас облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймагында жаан, тоолуу жерлерде кар жаайт. Чүй, Ысык-Көл, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +2…+7, күндүз +9…+14, Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +9…+14, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +8…+13, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +8…+13, Нарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +5…+10. Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7, күндүз +12…+14.