Abank
SerepTV Logo

4-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

4-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 4-апрелде түнкүсүн Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +17…+22, Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +11…+16, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +17…+22, Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…+2, күндүз +11…+16, Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +12…+17 градус. Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +21…+23 градус болот.