39 жаштагы 11 балалуу эне: "Көп балалуу болуу жолдошумдун кыялы болчу экен"
Биздин бул жолку каарманыбыз 11 баланын апасы Зарина Жамакеева. Дал ушул очор-бачар жашаган уникалдуу үй-бүлө тууралуу маекти сунуштайбыз.
"Биз Балыкчы шаарынан келдик. Улуусу 21 жашта, кичүүсү 2 айлык. Атабыз шартка байланыштуу келе албай калды. 17 жашымда турмушка чыккам. Майда 40 жашка чыгам. Өзүм 5, жолдошум 9 бир тууган. Көп балалуу болуу жолдошумдун кыялы болчу экен",- деди ал.