Abank
SerepTV Logo

39 жаштагы 11 балалуу эне: "Баарыбыз баткандай унаа болсо деп кыялданып жүрөбүз"

39 жаштагы 11 балалуу эне: "Баарыбыз баткандай унаа болсо деп кыялданып жүрөбүз"
Биздин бул жолку каарманыбыз 11 баланын апасы Зарина Жамакеева. Дал ушул очор-бачар жашаган уникалдуу үй-бүлө тууралуу маекти сунуштайбыз. "Биз Балыкчы шаарынан келдик. Улуусу 21 жашта, кичүүсү 2 айлык. Чакырганда аттарынан адашып калып, баарын чакырам. Жөлөк пул алам. 9 балага 1200 сомдон берилет. Башка эч кандай жеңилдик жок. Жарыкка эле жеңилдик бар. Кыйналган учур баарында эле болот. Атабыз биздин кыйналбашыбызга аракет кылат. Биздин кыялыбыз азыр унаа. Баарыбыз баткандай унаа болсо жакшы болмок. Балдар менен көп жерге бара албайбыз. Мынча бала менен кайсы унаа алмак эле", - деди ал.