Abank
SerepTV Logo

31-январга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

31-январга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 31-январда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Күндүз Чүй, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым жерлерде туман түшөт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…+2, Талас облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…+5, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -4…+1, күндүз +1…+6, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -3…+2, Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -6…-11. Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз -1…-3 болушу күтүлөт.