Royal
SerepTV Logo

31-октябрда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

31-октябрда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 31-октябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан катуу жаашы мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +7…+12, Талас облустарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +7…+12, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +14…+19, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +10…+15, Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +9…+14. Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11, күндүз +10…+12 градус жылуу болот.