31-октябрда Бишкектеги 2 конушта суу болбойт
31-октябрда Бишкектеги 2 конушта суу болбойт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Төмөнкү даректердеги турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу берүү токтотулат:
• “Мурас Ордо” конушу саат 9:00дөн 20:00гө чейин.
• «Калыс Ордо» конушу саат 9:00дөн 15:00гө чейин.
«Мурас Ордо», «Калыс Ордо» суу алгычтардагы жана шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу суу убактылуу токтотулат.