Abank
SerepTV Logo

31-мартта күтүлгөн аба ырайы

31-мартта күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 31-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Ысык-Көл, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +15…+20, Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +14…+19, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25, Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…+3, күндүз +10…+15, Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +8…+13 градус. Бишкек шаарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6, күндүз +15…+17 градус болот.