Abank
SerepTV Logo

31-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

31-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 31-майда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +26…+31, Талас облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +26…+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +29…+34, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +6…+11, күндүз +22…+27, Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +21…+26. Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14, күндүз +28…+30 градус болот.