Abank
SerepTV Logo

31-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

31-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 31-июлда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +19…+24, күндүз +32…+37, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +14…+19, күндүз +29…+34, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +34…+39, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30, Нарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +25…+30. Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы +21…+23, күндүзгү жогорку температурасы +35…+37 градус болот.