Royal
SerepTV Logo

30-январга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

30-январга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 30-январда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде кар жаайт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз -4…+1, Талас облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -4…+1, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +2…+7, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4, Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -3…-8. Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5, күндүз 0…-2 болушу күтүлөт.