Royal
SerepTV Logo

30-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

30-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 30-сентябрга караган түнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +18…+23, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +2…+7, күндүз +17…+22, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +19…+24, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +12…+17, Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +9…+14. Бишкекте өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +20…+22 градус болот.