30-октябрга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 30-октябрда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.
Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +6…+11; Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +5…+10; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +11…+16; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +11…+16; Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +9…+14; Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаашы мүмкүн.Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6, күндүз +7…+9 градуска жетет.