Abank
SerepTV Logo

30-ноябрга карата өлкөдөгү аба ырайы

30-ноябрга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 30-ноябрда түнкүсүн жана күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан, кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын аймактарына туман түшөт. Жолдор тайгак болот. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +2…+7; Талас жергесинде түнкүсүн -1…-6, күндүз -4…+1; Ош, Жалал-Абад, Баткен дубандарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +7…+12; Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз +2…+7; Бишкекте 30-ноябрга караган түнү кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз +4…+6 градус болот.