Abank
SerepTV Logo

30-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

30-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 30-майда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30, Талас облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +24…+29, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +28…+33, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +7…+12, күндүз +19…+24, Нарын облусунда түнкүсүн +2…+9, күндүз +19…+24. Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +28…+30 градус болот.