Abank
SerepTV Logo

30-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

30-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 30-июлда түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Баткен облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +18…+23, күндүз +33…+38, Талас облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +29…+34, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +34…+39, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30, Нарын облустарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30, Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү температурасы +21…+23, күндүзгү жогорку температура +35…+37 градус болот.