Abank
SerepTV Logo

30-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

30-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат
Эртең, 30-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймакта кар жаайт, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан нөшөрлөп жаайт. Күндүз Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -6…-1, күндүз -3…+2, Талас облусунда түнкүсүн -10…-5, күндүз -5…0, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -5…0, күндүз 0…+5, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -8…-3, күндүз -2…+3, Нарын облусунда түнкүсүн -17…-12, күндүз -8…-13. Бишкекте түнкүсүн кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын түнкү температурасы -4…-2, күндүз -1…+1 градус болушу күтүлөт.