30 балалуу ата: "Бизге балдар 7 облустан түшөт"
Биз бул ирет Сокулук районунун Маловодное айылында 30 бала менен очор-бачар жашаган үй-бүлөнүн үйүнө бардык. Балдардын атасы “Өзүмдүн 5 балама кошуп, багар-көрөрү жок 25 баланы асырап алгам” дейт.
"Менин өзүмдүн 5 балам бар. Алар чоңоюшту. Бул ишти баштаганда балдар кичине болчу. Алардан тышкары 25 балам бар. Бизге 7 облустан келип түшөт, мигранттар кайрылат. Ата-энелери жок, жарым-жартылай жетимдер бар жана социалдык жетимдер бар", - деди ал.
Ал ошондой эле балдар аны ата, жубайын апа дешерин айтты. "Бир туугандар бар. 25 бала бир туугандай жашашат. Улууларын эже, ага дешет",- деди ал.