Abank
SerepTV Logo

3-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

3-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 3-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +23…+28, Талас облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +26…+31, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26, Нарын облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27, Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16, күндүз +26…+28 градус жылуу болот.