Abank
SerepTV Logo

3-октябрга карата өлкөдөгү аба ырайы

3-октябрга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 3-октябрда түнкүсүн Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Күндүз көпчүлүк аймактардын тоо этектеринде жана тоолуу аймактарында жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан жаабайт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +2...+7, күндүз +15…+20; Талас облусунда түнкүсүн 0...+5, күндүз +12…+17; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн +8…+13, күндүз +19…+24; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3...+8, күндүз +15...+20; Нарын облусунда түнкүсүн +2...+7, күндүз +15...+20; ​Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз жаан жаашы ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +16…+18 градус болот.