Abank
SerepTV Logo

3-ноябрга карата өлкөдөгү аба ырайы

3-ноябрга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 3-ноябрда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоо этектеринде, тоолуу райондордо кар жаайт. Талас, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +9…+14, Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +7…+12, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +11…+16, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +8…+13, Нарында түнкүсүн 0…-5, күндүз +6…+11. Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +7…+9, күндүз +12…+14 градус болот.