Abank
SerepTV Logo

3-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

3-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

3-майда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 

Күндүз Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. 

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17; Талас жергесинде түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +7…+12; Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +10…+15; ​Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +15…+17 градуска чейин жетет.