Abank
SerepTV Logo

"3 күндөн кийин үйүнө кайтмак". Баткендеги чек арада каза болгон 20 жаштагы Умарбек Курманбеков жерге берилди

"3 күндөн кийин үйүнө кайтмак". Баткендеги чек арада каза болгон 20 жаштагы Умарбек Курманбеков жерге берилди

Бүгүн, 19-сентябрь күнү Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагынын Коткор айылында Тажикстандын кол салуусунан курман болгон Умарбек Курманбековдун сөөгү жерге берилди.

Умарбек Курманбеков 2002-жылдын 23-марттында Базар-Коргон районуна караштуу Кеңеш айыл аймагынын Коткор айылында туулган, катардагы жоокер болчу. 2021-жылдын сентябрь айында аскерге чакырылып, 3 күндөн кийин кызматын өтөп үйүнө кайтып келмек. Баткен чек ара заставасынын № 2022 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жатып Тажикстандын агрессиялуу кол салуусунда курман болду.

[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="137745,137746"]