Royal
SerepTV Logo

3-февралга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

3-февралга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 3-февралда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан, кар, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз +1…+6, Талас облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…+5, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3…-8, күндүз +2…+7, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -1…+4, Нарын облусунда түнкүсүн -18…-23, күндүз -4…-9. Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -8…-10, күндүз +3…+5 болушу күтүлөт.