Abank
SerepTV Logo

3-августта өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

3-августта өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 3-августта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +19…+24, күндүз +33…+38, Талас облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +30…+35, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +21…+26, күндүз +34…+39, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31, Нарын облустарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +27…+32, Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү температурасы +22…+24, күндүзгү жогорку температура +36…+38 градус болот.