3-5-январда Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн
3-январдан 5-январга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 55-107 чакырымдарында, Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолунун 68-101 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) жана Красная-Горка - Акташ унаа жолунун 1-4 чакырымдарында кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болот.