Royal
SerepTV Logo

29-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

29-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 29-октябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт, тоолуу райондорунда карга айланат. Чүй, Талас, Баткен, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын, Ош облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондорунда карга айланат. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24; Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +17…+22; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +21…+26; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +12…+17; Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17; Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +8…+10°, күндүз +22…+24 градус жылуу болот.