Abank
SerepTV Logo

29-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

29-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 29-октябрда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда жаан, кар жаайт. Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+4, күндүз +11…+16, Талас облусунда түнкүсүн 0…+4, күндүз +10…+15, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +15…+20, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +11…+16, Нарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +8…+13. Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +14…+16 градус болот.