Abank
SerepTV Logo

29-мартка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

29-мартка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 29-мартта түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн биринчи жарымында Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан жаан жаайт. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +12…+17, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +7…+12, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +6…+11, күндүз +14…+19, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18, Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +13…+18. Бишкекте 29-мартка караган түнү жаан жаашы мүмкүн, күндүз жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8, күндүз +15…+17 градус жылуу болот.