Abank
SerepTV Logo

29-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

29-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 29-июлда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +18…+23, күндүз +32…+37, Талас облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +31…+36, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +32…+37, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28, Нарын облустарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +24…+29, Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү температурасы +19…+21, күндүзгү жогорку температура +33…+35 градус болот.