Royal
SerepTV Logo

29-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

29-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 29-декабрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Күңдүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…+5, күндүз +6…+11, Талас облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +4…+9, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +7…+12, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +1…+6, Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…-5. Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан, кар жаашы мүмкүн. Абанын түнкү төмөнкү температурасы +1…+3 жылуу, күндүзгү жогорку температурасы +8…+10 жылуу болушу күтүлөт.